Стоит прочитать
Авторизация

Кубаныч Ажыбаев Сулууларга суктанууга акым бар

скачать песня сулууларга суктанууга акым бар

Рейтинг: 0

Исполнитель: Кубаныч Ажыбаев

Название песни: Сулууларга суктанууга акым бар

Продолжительность mp3: 03:21

Дата добавления: 2015-04-19

Текст просмотрен: 855

Скачать

Другие песни исполнителя Кубаныч Ажыбаев
Текст песни:

Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.

Видео
https://youtube.com/devicesupport
Комментарии (0)
Добавить комментарий



Каптча: